Биз менен байланышыңыз

13-июлда көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 343 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 13-июлда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында, Жалал-Абад, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 31…33° болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM