Биз менен байланышыңыз

Бердымухамедов уулун каржы жана экономика боюнча вице-премьер кылып дайындады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 2361 | 0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар Бердымухамедовду Министрлер кабинетинин төрагасынын экономика, банк маселелери жана эл аралык каржы уюмдар боюнча орун басары кылып дайындады.

Ошол эле учурда Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин курамынан чыгарылган.

Ал эми буга чейин каржы жана экономика маселелери боюнча орун басары болуп келген Гадыргелди Мушшиков Борбордук банктын жетекчиси болуп дайындалган.

Сердар Бердымухамедов быйыл 11-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы болуп дайындалып, Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин курамына кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM