Биз менен байланышыңыз

Өлкөдөгү эмдөө пункттарынын даректери

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 363 | 0

Кыргызстанда эмдөөдөн өткөрүү үчүн 627 убактылуу пункт түзүлдү:

284 мамлекеттик медициналык мекемелерде;

11 жеке медициналык мекемелерде;

116 билим берүү мекемелеринде;

22 соода жана көңүл ачуу борборлорунда;

53 Маданий жана спорт мекемелеринде;

63 ири базарларда;

78 мобилдик бригада.

Бардык убактылуу эмдөө пункттары муздатуучу шаймандар менен, ал эми мобилдик топтор термоконтейнерлери менен камсыз болушат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова брифингде кабарлагандай, Бишкек, Чолпон-Ата, Каракол жана Ош шаарында калкты коронавируска каршы эмдөөчү пункттар күнү-түнү иштейт. Кытайдан алып келинген Sinopharm вакцинасы 12-июлда өлкөнүн аймактарына жеткирилет.

Респубикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун сайтына эмдөө пункттарынын даректери жайгаштырылды. Аны бул шилтеме аркылуу көрө аласыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM