Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 10-14 күндө коронавирус илдетинин темпи азаят

Кыска кабар | 12 Июл 2021 | 4817 | 1

Кыргызстанда 10-14 күн аралыгында коронавирус илдетинин темпи азаят. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радионун» түз эфиринде айтты.

COVID-19 оорусунун жогорку чеги июнь-июлга туура келери божомолдогон. Азыр темп жогорку чекке жетти.

Министрдин айтымында, учурда коронавирус менен ооругандар үчүн 2443 бош орун бар, анын ичинен 340 орун Бишкекте.

Дары-дармек, медициналык кызматкерлер жетиштүү. Ар күнү түндө 250-300 орун даярдалууда.

Бейшеналиев мындан тышкары, коронавирус пандемиясына байланаштуу карантин киргизилбей турганын айтты.

«Эгер карантин киргизсек, анда каатчылык болот, айлык акы, жөлөк пул, пенсияны төлөй албай калабыз. Тескерисинче, Ысык-Көлдө туристтик сезон ачылды. Ал жакта биздин медиктер күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Себеби ал жакта оорулуулар анча көп эмес»,-деди министр.

Кыргызстанда 12-июлга карата COVID-19 илдетинен көз жумгандардын жалпы саны 2113кө жетти. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 140 978 адам вирус жугузуп алды. Жалпы сакайгандардын саны 118 771 адам.

Учурда 4 694 бейтап ооруканада, 14 420 киши үй шартында дарыланууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Нури

    14.07.2021 20:01

    Аллахым ушул аты жаман дарттын бетин ары кылсын мындан ары жакшы жанылыктар менен болушуп турунуздар сиздерден жакшы жанылык кутобуз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM