Биз менен байланышыңыз

Криштиану Роналду Европа чемпионатынын мыкты чабуулчусу болду

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 12 Июл 2021 | 1939 | 0

Португалия курамасынын оюнчусу Криштиану Роналду Европа чемпионатынын мыкты чабуулчусу болду.

Ал быйылкы Европа чемпионатында 5 гол киргизген. Белгилей кетсек, Португалия 1/8 финалда Бельгияга 0:1 эсебинде жеңилип калган.

Мелдеште 5 гол киргизген дагы бир оюнчу Чехия курамасынын чабуулчусу Патрик Шик болгон. Бирок кошумча көрсөткүчтөр боюнча португалиялык оюнчу мыктыраак болгон.

Ошондой эле, бул мелдеште Гарри Кейн (Англия), Карим Бензема (Франция), Ромелу Лукаку (Бельгия) жана Эмиль Форсберг (Швеция) 4 голдон киргизишкен.

Эскерте кетсек, Европа чемпионаты 11-июлда (Бишкек убактысы боюнча 12-июлда) жыйынтыкталды. Финалдык беттеште Англиянын курамасын Италия пенальтилер сериясында жеңип алды. Муну менен Италия 1968-жылдан кийин кайра экинчи ирет Европа чемпиону болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM