Чүй облусунун аймагында 1-12-июль күндөрү 807 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынан кабарлашты.
Анын ичинде:
— мас абалында унаа башкаруу – 59 учур;
— терезелерин караңгылатуу – 6;
-Жогорку ылдамдыкта айдоо – 277;
— 19 айдоочу тиешелүү документи жок рулга отурган. Ал эми атайын айып унаа токтотуучу жайына 116 унаа токтотулган.