Биз менен байланышыңыз

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы: Ошто 4 партия өттү

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 1144 | 0

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештериндеги кайра шайлоо аяктады. Шайлоо эртең мененки саат 08:00дө башталып, кечки саат 20:00дө жыйынтыкталды.

Учурда шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгарылууда. Автоматтык эсептөөчү үкөктөрдөн алынган (саат 20:30га) алдын ала маалыматтарга ылайык Ош шаардык кеңешине 4 партия өтүүдө.

Белгилей кетсек, шаардык кеңешке шайлоого катышкан шайлоочулардын 7%ын ала алган партиялар өтөт.

Ош шаардык кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктары:

«Улуу-Журт» партиясы — 285 (0,51%);

«Биздин Кыргызстан» партиясы — 18 миң 711 (33,37%);

«Улуттар биримдиги элдик партиясы» — 8 миң 920 (15.91%);

«Келечек-Будущее» партиясы — 444 (0,79%);

«Бүтүн Кыргызстан»  партиясы — 603 (1,08%);

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы — 20 миң 672 (36,86%);

«Бир Бол» партиясы — 4 миң 680 (8,35%);

«Нур» партиясы — 355 (0,63%);

Баарына каршы — 678 (1,21%).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM