Биз менен байланышыңыз

Анкарада Манас менен Жусуп Абдрахмановдун айкелдери орнотулат

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 390 | 0

Түркиянын Анкара провинциясынын Этимесгут районунда Манас менен Жусуп Абдрахмановдун айкелдери орнотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

8-июль күнү Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев Этимесгутта курулган «Түрк тарыхы» паркы жана музейинде болуп, комплекс менен таанышып чыккан. Ал аталган комплекске Этимесгут муниципалитетинин башчысы Энвер Демирелдин чакыруусу менен барган.

«Түрк тарыхы» комплексинде түрк тектүү элдердин белгилүү инсандарынын, анын ичинде кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулган.

Элчи аталган комплекске Манастын жана Жусуп Абдрахмановдун эстелигин орнотууну сунуштаган. Этимесгуттун мэри Демирел элчинин сунушун колдоп, айкелдер жакында даярдаларын билдирген.

Тарыхий комплекстин расмий ачылышы быйыл 29-августта өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM