Биз менен байланышыңыз

20-июлдан тарта “Манас” аэропортунун алдындагы унаа токтотуучу жайга кирүү акысыз болбой калат

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 2557 | 0

20-июлдан тарта «Манас» аэрпортунун алдындагы унаа токтотуучу жайга кирүү акысыз болбой калат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Аэропорттон белгилешкендей, аэропорттон алдындагы унаа токтотуучу жайды башка компания иштетет. Келишимге ылайык алар бааны өздөрү белгилейт жана ага «Манас» ААКсы кийлигише албайт.

«Ижарага алып иштеткен компания билдиргендей, бүгүнкү күнү тарифтер мурункудай эле калууда – саатына 60 сом, алгачкы 15 мүнөт үчүн акы алынбайт жана күнүнө 360 сом. 20-июлдан тарта алгачкы 15 мүнөт акысыз болбой калат», — деп айтылат маалыматта.

«Манас» ААКсы аба бекеттин тушунда акысыз унаа токтотуучу жай бар экенин белгилейт. Ошондой эле акы алынуучу унаа токтотуучу жай бар: саатына 40 жана күнүнө 200 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM