Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: ИИМдин өкүлү мыйзам бузуулар тууралуу кандай маалыматтар түшүп жатканын айтып берди

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 539 | 0

ИИМдин тергөө кызматынын тергөө бөлүмүн башчысы Султан Макилов Бишкек, Ош жана Токмок шаараларындагы шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар боюнча кандай маалыматтар түшүп жатканын айтып берди

Анын айтымында, Токмок шаары боюнча мыйзам бузуулар боюнча 9 маалымат түшкөн. Анын ичинен экөө мыйзам бузуу аныкталбагандыктан териштирүү токтотулган (номенклатуралык ишке чыгарылган). Окшош маалыматтар болгондуктан бир материал башка факты менен бириктирилген. Учурда 6 факт боюнча териштирүү жүрүүдө.

«Ош шаарында 5 маалымат катталды. Алар Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чара көрүү үчүн аймактык шайлоо комиссияга жөнөтүлгөн», — деди ал.

Ошондой эле Бишкек шаарында 13 маалымат текшерилип, мыйзам бузуу аныкталбагандыктан териштирүү токтотулган (номенклатуралык ишке чыгарылган).

«Сиздер билгендей Биринчи май райондук милициясында Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде добуш сатып алуу боюнча 1 иш катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал боюнча кийинчерээк кошумча маалымат берилет», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM