Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Үч шаарда саат 14:00гө карата 105 миңден ашык шайлоочу добуш берди

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 492 | 0

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештериндеги кайра шайлоодо саат 14:00гө карата 105 миң 362 шайлоочу добуш берди.

Алар жалпы шайлоочулардын 17,06%ын түзөт. Үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 киши киргизилген.

Бишкекте 55 миң 515 (13,01%), Ош шаарында 40 миң 695 (26,65%) жана Токмокто 9 миң 152 (24,02%) шайлоочу добуш берген.

Эскерте кетсек, Бишкекте шайлоочулардын тизмесине 426 миң 699, Ош шаарында 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 киши киргизилген. Шайлоо 326 шайлоо тилкесинде жүрүүдө.

Шаардык кеңештерге шайлоо саат 08:00дө башталган. Шайлоо кечки саат 20:00дө аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM