Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Европа чемпионатынын финалында Англия менен Италия ойнойт

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 11 Июл 2021 | 2141 | 0

Бүгүн, 11-июлда (Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00дө) Европа чемпионатынын финалында Англия менен Италия ойнойт.

Беттеш Лондондогу «Уэмбли» стадионунда өтөт.

Англия Европа чемпионатын бир дагы ирет жеңе элек болуп, анын финалына алгачкы ирет чыгып жатса, Италия бир жолу гана Европа чемпиону болгон (1968-жыл).

Белгилей кетсек, Евро-2020 былтыр 12-июндан 12-июлга чейин болуп өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Мелдеш 2021-жылы өткөрүлүп жатканына карабай, анын Евро-2020 аты сакталып калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM