Биз менен байланышыңыз

БШК: Шайлоо башталгандан бери 10 арыз түштү

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 618 | 0

Бишкек, Ош жана Токмок шайларында шайлоо башталгандан бери мыйзам бузуулар боюнча 10 арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, шаардык кеңештерге үгүт иштери башталгандан бери Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык кеңешке жалпы 55 арыз келип түшкөн.

«Алардын ичинен добуш сатып алуу боюнча 36, административдик ресурсту колдонуу – 9, үгүт иштерин жүргүзүүдөгү мыйзам бузуу – 6 жана шайлоочуларды (шайлоо тилкесине) ташып келүү – 2 жана башка мыйзам бузуулар боюнча 1 арыз түшкөн», — деди ал.

Ал эми бүгүн шайлоо башталгандан бери саат 12:00гө карата 10 кайрылуу болгон.

«Алардын 7си добуш сатып алуу боюнча болду: Бишкекте – 6 жана Токмокто – 1. Ошондой эле Бишкекте шайлоочуларды (шайлоо тилкесине) ташып келүү боюнча 2 жана башка мыйзам бузуу боюнча 1 арыз түштү», — деди ал.

Ал мыйзам бузуу боюнча фактылар дароо каттоого алынып, укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүшү керектигин белгилеп өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM