Connect with us

Үч шаарда саат 12:00гө карата 77 миңден ашык киши добуш берди

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 342 | 0

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештериндеги кайра шайлоодо саат 12:00гө карата 77 миң 26 шайлоочу добуш берди.

Алар жалпы шайлоочулардын санынын 12,47%ын түзөт. Үч шаарда шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 киши кирген.

Ар бир шаар боюнча алганда саат 12:00гө карата Бишкекте 39 миң 271 (9,20%), Ош шаарында 30 миң 940 (20,26%) жана Токмокто 6 миң 815 (17,89%) шайлоочу добуш берди.

Эскерте кетсек, Бишкекте шайлоочулардын тизмесине 426 миң 699, Ош шаарында 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 киши киргизилген. Шайлоо 326 шайлоо тилкесинде жүрүүдө.

Шаардык кеңештерге шайлоо саат 08:00дө башталган. Шайлоо кечки саат 20:00дө аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM