Биз менен байланышыңыз

UFC: Конор Макгрегор Дастин Порье менен болгон беттешинде бутун сындырып алды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 11 Июл 2021 | 2789 | 0

Бүгүн, 11-июль күнү Лас-Вегаста өткөн UFC мелдешинде ирландиялык мушкер Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен болгон беттеште бутун сындырып алды.

Биринчи раунддун аягында беттеш учурунда Макгрегор бутун артка коюп жатып, сол бутун кайрып алган.

Дарыгер Макгрегорду текшергенден кийин ал бутун сындырып алганын, беттешти уланта албай турганын билдирди. Ага байланыштуу жеңиш Дастин Порьеге берилди.

Эскерте кетсек, бүгүнкү таймашта Конор Макгрегор менен Дастин Порье үчүнчү ирет беттешти. 2014-жылы биринчи беттеште Макгрегор атаандашын нокаут менен жеңип алган. Андан кийин эки мушкер быйыл январь айында беттешип, анда Порье нокаут менен жеңген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM