Биз менен байланышыңыз

Ошто добуш сатып алууга байланыштуу 16 факты катталды

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 318 | 0

Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоодо добуш сатып алуу фактысы боюнча эки партиядан үч талапкерге карата териштирүү иши жүрүп жатат.

Бул тууралуу Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урмат Аттокуров брифингде кабарлады.

Кечээ, 10-июлда саясий партиялардын бири үгүт иштерин жүргүзүп, акча таратканы тууралуу Ош милициясына маалымат түшкөн.

Мындан тышкары, Ошто добуш сатып алууга байланыштуу 16 факты, үгүт өнөктүгүнүн шартын бузуу боюнча 3 факты, админресурс колдонулганы тууралуу 3 маалымат катталган.

9 кайрылуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды;

1 материал кыскартылды;

6 материал боюнча тергөө жүрүп жатат;

Эки фактынын курамында кылмыш белгилери жок болгон үчүн тергөө токтотулган;

13 билдирүү боюнча кароо жүрүүдө;

4 жаранга 50 миң сом айып салынды.

Саат 10:00гө карата Ош шаардык кеңешиндеги кайра шайлоодо 13 миң 859 шайлоочу добуш берди. Шаарда 78 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоочулардын тизмесине 152 миң 718 киши киргизилген.

Ош шаардык кеңештин кайра шайлоосуна 8 партия катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM