Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Токмокто добуш бергендердин саны 7,52 пайызды түздү

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 265 | 0

Бүгүн, 11-июлда Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого саат 10.00гө карата 2866 шайлоочу добуш берди.

Бул жалпы шайлоочулардын 7,52 пайызды түзөт. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын Токмок аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Максат Урумбеков айтты.

Токмокто 20 шайлоо тилкеси иштеп жатат. Жалпы алты саясий партия ат салышууда.

13 даттануу келип түшкөн, анын үчөө боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Эки партияга эскертүү, экөөнө айып салынган. Калгандары каралууда.

Бүгүн, Бишкек, Ош, Токмок шааларында кайра шайлоо өтүүдө. Добуш бергендердин саны Бишкекке караганда Ош жана Токмокто көбүрөөк болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM