Биз менен байланышыңыз

Түркия жарандарына мыйзамсыз паспорт берүүгө шектелип мурдагы чиновник кармалды

Кыска кабар | 11 Июл 2021 | 630 | 0

Түркия жарандарына мыйзамсыз паспорт берүүгө шектелип Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Д.С. (Дүйшөн Сатыбалдиев) аттуу мурдагы төрагасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда аталган ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 10-июлда ИИМ 2016-жылы Түркиянын 10 жаранына кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. ИИМден белгилешкендей, 2016-жылы президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиясы (Фарид Ниязов жетектеген) Түркиянын 10 атуулун кыргыз жарандыгына кабыл алуу тууралуу мыйзамсыз чечим чыгарып, андан кийин жарандыкка кабыл алуу боюнча президенттин (Алмазбек Атамбаевдин) тиешелүү жарлыгы чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM