Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бир суткада 1295 бейтап катталып, 10 адам каза тапты

Кыска кабар | 10 Июл 2021 | 497 | 0

10-июлга карата COVID-19 илдетине чалдыккан 1295 адам катталды. Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 788, Ош шаарында — 51, Чүй облусунда — 160, Ош облусунда — 38, Талас облусунда — 19, Нарын облусунда — 26, Ысык-Көл облусунда — 46, Жалал-Абад облусунда — 64, Баткен облусунда — 103 адам оору жугузуп алган.

Акыркы суткага карата COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 2, Ош облусунда — 1, Ош шаарында — 1 адам каза тапкан.

Ал эми акыркы суткада Бишкек шаарында — 423, Ош шаарында — 48, Чүй облусунда — 131, Ош облусунда — 86, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда — 33, Жалал-Абад облусунда — 107, Баткен облусунда — 52 — жалпы 892 бейтап илдеттен сакайып чыккан.

Учурда 17 миң 867 бейтап — мунун ичинен 4585и стационарларда, 13 282си амбулатордук түрдө дарыланып жатат.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери 138 353 адам оору жугузуп, 117 миң 250 бейтап илдетти жеңип чыкса, 2 миң 93 адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM