Бишкекте 11-июль шайлоо күнү коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде иштейт. Мэриянын маалыматына караганда, коомдук транспорт таңкы 6:00дөн түнкү 23:00гө чейин каттайт.
11-июлда Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо өтөт. Борбор калаада 228 шайлоо участкасы даярдалды:
Ленин районунда — 62;
Октябрь районунда — 59;
Биринчи май районунда — 49;
Свердлов районунда — 58.