Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн III дүйнөлүк мода фестивалы өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 2254 | 0

15-июлдан 18-июлга чейин Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда Көчмөндөрдүн III дүйнөлүк мода фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар «Маралга» кабарлады.

Фестивалга Казакстан, Индия, Монголия, Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кытай, Азербайжан, Башкыртстан, Франция, Италия, Орусия жана башка 25 өлкөдөн атактуу дизайнерлер, кол өнөрчүлөр, мода өндүрүшүнүн ишмерлери келет.

Иш-чарада көчмөндөрдүн салттуу кийимдери, дизайнерлердин кийимдер коллекциясы, шоу-рум көргөзүлүп, чеберчилик сабактар, илимий жана ишкердик талкуулар өтүлөт. Ошондой эле 18-июль фестивалдын жабылышына карата кыргыз улуттук кийимдеринин коллекциясы көрсөтүлөт.

Фестиваль эки бөлүктөн туруп, саат 10:00дөн 18:00гө чейинки күндүзгү программаларга 230 сомдон, 18:30дан 20:00гө чейинки кечки программаларга 700-1000 сомдон билеттер сатылат. Салтанаттуу иш-чаранын ар бир күнү концерттик программа менен коштолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM