Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы он адам каза болду, 1319 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 342 | 0

Кыргызстанда 9-июлга карата дагы 10 адам коронавирус илдетинен көз жумду. Анын жетөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда катталды. Муну менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2083кө жетти.

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1319 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 715;

Ош шаарында – 25;

Чүй облусунда – 225;

Ош облусунда – 87;

Талас облусунда – 15;

Нарын облусунда – 5;

Ысык-Көл облусунда – 44;

Жалал-Абад облусунда – 109;

Баткен облусунда – 84 учур катталды.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 137 миң 58 адам коронавирус жуктуруп алды.

Акыркы суткада 845 адам илдеттен сакайды. Жалпы айыккандар 116 миң 358 киши.

Бир сутка ичинде медициналык кызматкерлер арасында 29 жаңы учур катталды. Бир суткада стационардан 13, үй карантинден 8 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Пандемия башталгандан бери 5 миң 761 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 76 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 4 миң 614 бейтап, үй шартында 12 874 адам дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM