Connect with us

Ташиев: Коррупцияга каршы кызматтын функцияларын алтынчы башкы башкармалык аткарат

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 466 | 0

Коррупцияга каршы кызматтын функцияларын алтынчы башкы башкармалык аткарат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, УКМКда бир нече башкармалык бириктирилип, өзгөчө маанилүү иштер боюнча алтынчы башкы башкармалык болуп түзүлгөн.

«Мурдагы Коррупцияга каршы кызмат президенттин жарлыгынын негизинде түзүлгөн орган болгон. Эми биз аталган багыттагы иштерди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин милдеттеринин алкагында алып барабыз. Башкача айтканда, УКМКда коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн атайын орган болбойт. Бирок коррупциялык, кызматтык кылмыштар боюнча иштерди мурункудай эле алып бара беребиз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 23-июнда президент Садыр Жапаров бизнес коомчулук менен болгон жолугушууда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюларын жана президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлөрүн билдирген. 25-июнда Коррупцияга каршы кызматты жоюу тууралуу президенттин жарлыгы чыккан. Ал эми бүгүн, 8-июлда Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөнү белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Коррупцияга каршы кызмат 2011-жылы түзүлгөн. Бирок ал органдын мыйзамдуулугу боюнча коомчулук арасында ача пикирлер айтылып келген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM