Connect with us

Ташиев: Чек ара Алматы декларациясынын негизинде аныкталышы керек

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 524 | 0

Тажикстан менен чек ара 1991-жылы кабыл алынган Алматы декларациясынын негизинде аныкталышы керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

«Ал жерде 7-8 мамлекеттин башчылары ошол учурдагы чек араны таанып, аны адамдар жашаган жер боюнча өткөрүүгө макул болушкан. Ал макулдашуу бардык мамлекеттерде ратификациядан өткөн. Биз ал мыйзамды аткарышыбыз керек. Эгер кимдир бирөө аткаргысы келбесе, аны денонсация жасашы зарыл. Ал мыйзам бар. Биз ал боюнча чечкени жатабыз. Бирок биздин коңшулар башкача чечүүнү каалап жатат. Биз чек аранын тынч, чыр-чатаксыз чечилишин каалайбыз», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM