Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Интернетте бийликти сындагандарды каттап жатабыз

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 837 | 0

Интернетте бийликти негизсиз сындап, коомду радикалдаштыргандар эртеби-кечпи жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы басма сөз жыйынында билдирди.

Алар өлкөнүн сыртында да ичинде да Атайын кызмат тарабынан каттоого алынып жатканын эскертти. Ошондой эле Орхан Инанды боюнча айткан Жогорку Кеңештин бир депутаты да жооп берерин айтууда.

«Азыр биздин коом радикалдашып баратат. Интернетте өлкө башчысын, дагы башка кызмат адамдарын далилсиз жамандап, каралап жаткандар жоопко тартылат. Биз ар бириңерди тизмектеп, каттап жатабыз. Өлкөнүн ичинде да, сыртында да. Жогорку Кеңештин бир депутаты парламентте дайыма Орхан Инанды үчүн жооп бересиңер деп айтып жатат. Силер дагы жооп бересиңер, коомдук радикалдаштырууну токтоткула. Коомду туруксуздаштыруу аракети болбосун. Азыр «саясий экстремизм» биринчи планга чыкты. Айрым саясатчылар күзүндөгү шайлоодон кийин төңкөрүш болот деп, топтолуп алып айтып жатышат. Алардын ким экенин да билебиз. Эч кандай революция болбойт. Биз ага эч качан жол бербейбиз», — деди Ташиев.

УКМК төрагасы тышкы коркунуч катары Сириядан качкандар Кыргызстанга келе турганы жөнүндө маалыматтар бар экенин айтты.

Ушул күндөрү Ооганстан менен чектешкен Тажикстан, Өзбекстанда кооптуу жагдай пайда болуп жатат. Ооганстандан качкандар Кыргызстанга да келиши мүмкүн болууда.

Ташиевдин айтымында, Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу чалгындоо иштерин күчөтүп жатат. Жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрү тышкы коркунучтарга даярданууда.

«Эгер Тажикстан өз чек араларын коргоого жардам сураса, анда Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагында аракеттенет, анткени маселе бизге да тиешелүү», — деди Ташиев.

УКМК төрагасы буга чейин Борбор Азиядан Сирия жана Иракта куралдуу кагылышууларга катышкан жарандар өз мекенине кайтып келе жаткандыгын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM