Connect with us

Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына Кыргызстанда 27 мектеп салынууда

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 309 | 0

Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына Кыргызстанда 27 мектеп салынууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Учурда ал 27 мектептин ичинен төртөөнүн курулушу аяктаган. Калгандары жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

«Фонддун эсебинен Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 5, Чүйдө — 4, Ысык-Көлдө – 3, Жалал-Абадда – 3, Нарында – 3, Баткенде – 3 жана Талас облусунда 2 мектеп курулууда. Бул мектептердин курулушуна 25 млн 747,5 миң доллар сарпталары белгиленип, анын ичинен фонд 13 млн 640 миң доллар бөлгөн. Мектептерди салып жаткан компаниялар 15 млн 600 миң долларлык ишти аткарган», — деп билдирет агенттик.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM