Биз менен байланышыңыз

COVID-19 табылгандыгына байланыштуу Бишкекте 6 бала бакча карантинге жабылды

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 239 | 0

Коронавирус табылгандыгына байланыштуу Бишкекте 6 муниципалдык бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Андан тышкары, 19 бала бакча жаңы окуу жылына карата даярдоо үчүн оңдоо иштерине жабылган.

Калган мектепке чейинки билим берүү мекемелери кадимки тартипте иштөөдө. Бирок алар да жаңы окуу жылына даярдоо үчүн кезеги менен жабылып турат.

Мэрия жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM