Биз менен байланышыңыз

Куршаб айылынын тургундары пандемия учурунда өз айылына кантип жардам берди?

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 241 | 0

Өзгөн районунун Куршаб айылынын 24000 калкы бар, айыл боюнча болгону эки эски тез жардам машинасы иштейт. Оорулууларга чыгып жатканда машиналар тез-тезден бузулуп калып жатты. Тез жардамдын чакан бригадасына өтө кыйын болду: телефон чалуулар өтө көп эле.

Иш тезирээк жыла баштады. Тез жардам бөлүмүнүн дарыгерлери фонддон келген мындай белекти зор кубануу менен кабыл алышты.

Карантиндин башталышы менен «Куршаб өнүктүрүү фондунун» жигиттери өз коомчулугуна да жардам беришти: кимдир бирөө машинасы менен азык-түлүктөрдү жана бейтаптарды ташып, дагы бирөө имараттарды дезинфекциялоого жардам берсе, үчүнчүлөрү ооруканада ыктыярчы болуп иштеп жатты. Фонддогу ар бир адам пандемиянын кыйратуучу соккусунун кесепетин жеңилдетүүдө маанилүү тапшырманы аткарып жатышты.

Фонддун ыктыярчылары азыркы күнгө чейин өз жердештерине жардам берүүсүн улантууда. Жергиликтүү медиктер алардан мезгили менен жардам сурап кайрылып турушат.
«Мен четте карап тура алган жокмун. Мен гана эмес, биздин фонддогу бардык жигиттер өздөрүнө бир нече милдеттерди алышты. Айрымдары жада калса өлгөндөрдүн сөөктөрүн жууп жатышты, анткени туугандары оору жугузуп алуудан корккон учурлар да болду», – деп Кылычбек өзүнүн эскерүүлөрү менен бөлүштү.
2020-жылы Куршабдын жарандык коому пандемиянын алдында бир муштум болуп биригишип, күч бирдикте экенин, көйгөйлөрдү биригип чечүү менен баарын жеңүүгө боло турганын далилдешти.
«Куршаб өнүктүрүү фондунун» мүчөлөрү өз кошуналарына жана жердештерине 2021-жылы да жардам берип жатышат. Алар бул иштерди сыйлык же таанымалдыкка ээ болуу үчүн эмес, өз элин чындап сүйүп, алар үчүн тынчсызданганынан жасап жатышат.

***

«Жигердүү жарандар мезгили» — бул өз иш-аракеттери жана активдүү жашоо образы менен дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүп жаткан кыргызстандыктар жөнүндө окуялар. Булар биздин эле досторлорубуз, туугандарыбыз, кесиптештерибиз жана кошуналарыбыз. Алар ыктыярчы болуп, пикирдештер менен биргеликте коомдук уюмдарды түзүп, демилгелери менен коомчулугубузга жана жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошушат. Бул окуялар менен, алардын 2020-жылы өлкөгө Ковид-19 эпидемиясына каршы турууга жардам бергени жөнүндө, кыйынчылыктарга туш болгон адамдарга жардам бергени жөнүндө, жоопкерчиликтүү жана камкор жарандын үлгүсүн чагылдырганы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM