Connect with us

Бишкекти жашылдандырууга салым кошкон демилгелүү адамдар

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 335 | 0

«Табият адамсыз жашай алат, ал эми адам табиятсыз жашай албайт». Али Апшерони

Дмитрий Ветошкин, «Арча демилгеси» коомдук фондунун директору, өзүнүн ишине өтө берилүүсүз, фанатизмсиз иштөөнү каалайт. Бирок канчалык аракет кылса да, ишине башкача мамиле жасай албайт. Балким бир жагынан, бул жакшыдыр. Болбосо, Бишкектеги уникалдуу жашыл массивдин — КР Улуттук Илимдер Академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык бакчасынын — аймагында эбак үйлөр салынып калмак.

Сиз Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө Борбор Азиядагы эң ири ботаникалык бактардын бири жайгашканын билесизби? Ал өзүнүн аянты жана өсүмдүктөрдүн коллекциясынын курамы боюнча өзгөчө. 150 гектар жерде — планетанын ар кайсы жерлеринен алынып келинген өсүмдүктөрдүн жүздөгөн түрлөрү отургузулган! Ондогон жылдар бою Э. Гареев атындагы ботаникалык бактын кызматкерлери бул бакчанын уникалдуу жана бай экосистемасын түзүүнүн үстүндө талыкпай эмгектенишкен.

Азыркы учурда ал абасы таза, кыргоолдор жана башка түркүн чымчыктар уялаган, бейпилдик орун алган жашыл мейкиндик. Кайсыл бир учурларда «Ботаниканын» аймагында спорт стадионун, био лабораторияны, жана албетте, көп кабаттуу үйлөрдү курууга аракет кылышкан (бакчанын тушуна бир үй салууга да жетишишкен). Акыркы беш жыл ичинде эле табигый мурастарды сактоо боюнча «Арча» демилгеси» коомдук фонду бул аймакты сегиз жолу коргоого аргасыз болгон.

Мезгил-мезгили менен фонддун кызматкерлери өрт өчүрүүгө мажбур болушат. Бактыга жараша, азыр мындай учурлар азайып калды. Бирок 2018-жылы, өрт жана өрттөө дээрлик күн сайын болуп турганда, кызматкерлер күн сайын административдик имараттын чатырында ноутбуктар менен отуруп, кырдаалды жана өрттүн булактарын көзөмөлдөшкөн.

Уюмдун фото-архивинен (2017)

Бирок иштеги мындай татаал жана опурталдуу учурлардан да маанилүү жагдай бар: Ботаникалык бакчаны сактап калуу — аны жаңы мазмун, курам менен толтурууну билдирет. Фонддун директору Дмитрий Ветошкиндин айтымында, инфраструктураны өнүктүрүүгө каражаттын тартыштыгынан улам, ал өзүнүн санаалаштары менен биргеликте, бакчага шаар тургундарынын көңүлүн буруу, кызыктыруу жана ага болгон сүйүүсүн өстүрүү максатында, Ботаникалык бакчанын аймагында ар кандай фестивалдарды, пикниктерди жана лекцияларды уюштура башташкан.

Негизи ботаникалык бактар – илимий-изилдөө, агартуу жана окуу иштери үчүн аймактар болуп саналат. Дал ушул максатта дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан жана ар кандай климаттык зоналардан алынып келинген өсүмдүктөрдүн коллекциялары өстүрүлөт, изилденет жана көрсөтүлөт. Бирок бакчаны жандандыруу ишине академиктерден же илимий кызматкерлерден тышкары, шаардыктардын жигердүү катышуусу өтө маанилүү экени түшүнүктүү болду. Ошондуктан бир нече жылдан бери Бишкектеги «Ботаникада»: конокторду ит мурун чайы менен сыйлоо, шаардыктарды булбулдун ырын угууга чакыруу, кинофильмдерди таза абада көрсөтүү же арт инсталляцияларын уюштуруу сыяктуу иш-чаралары өткөрүлүп келет.

Дмитрий биологияга жана экологияга бала кезинен жакын болгонун айтат. Мектепке чейинки курагында эле ал курчап турган дүйнөгө кызыгып, гербарий чогултуп, канаттууларды жана курт-кумурскаларды изилдей баштаган.

Мектепти аяктагандан кийин Дмитрий биологиялык факультетке тапшыргандыгы эч кимди таң калтырган эмес. Андан кийин ал «Биом» экологиялык уюмунда иштеп, экологияны сактоо кыймылына кызыга баштаган. Ал 20 жылдан ашуун убакыттан бери экологиялык көйгөйлөрдү көтөрүп, муниципалдык органдарга кеңеш берип, жарандарга билим берип келет.

Албетте, мындай иштер көп күч-кубатты талап кылат: шаардыктар айлана-чөйрөгө кайдыгер мамиле жасагандыгы көңүлдү оорутат, өкмөттө чечим кабыл алган адамдар улам алмашып, биргелешкен пландарды кайрадан, башынан баштап сүйлөшүү керек болгон шарттарда иштөө өтө татаал.

«Арча» демилгесинде» иштеген жигердүү жарандардын туруктуу эмгек акысы жок, бирок жумушу көп. Дайыма. Идеялар жана пландар – андан да көп. Ботаникалык бак боюнча гана эмес.

Уюмдун медиа архивинен сүрөт

Алсак, Дмитрий жана анын кесиптештери Бишкекти жашылдандыруу программасы менен алектенишет: изилдөө иштерин жүргүзгөндөн кийин, борбордун 66% аянты парк зоналары менен камсыздалбагандыгын аныкталган. Түшүндүрө кетсек, бакча аймагы менен камсыз болуу — 500 метр алыстыкта жашыл массивдин болушу. Башкача айтканда, адам бакчага жетүү үчүн маршруткага түшпөшү керек. Ал эми Бишкекте бак-дараксыз райондор, өзгөчө жаңы конуштарда өтө көп. «Арча» фондунда мындай райондор үчүн бакчалардын пландарынын эскиздерин түзүшөт. Алар жашоочуларга бак-дарактарды туура отургузууну үйрөтүшөт, өсүмдүктөрдү тандоого жардам беришет, кеңеш беришет жана шаар тургундары менен бирге каштан, липа дарактарын отургузушат. Мугалимдерге жана мектеп окуучуларына абанын булганышынан, түтүндөн кантип коргонуу керектигин айтып беришет. Качандыр бир убакта бишкектиктер өз шаарын чын жүрөктөн сүйүп, аны кайрадан жашыл «жомокко» айландырышат деп кыялданышат. Аларды колдойбузбу?

«Жигердүү жарандар мезгили» — бул өз иш-аракеттери жана активдүү жашоо образы менен дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүп жаткан кыргызстандыктар жөнүндө окуялар. Булар биздин эле досторлорубуз, туугандарыбыз, кесиптештерибиз жана кошуналарыбыз. Алар ыктыярчы болуп, пикирдештер менен биргеликте коомдук уюмдарды түзүп, демилгелери менен коомчулугубузга жана жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошушат. Бул окуялар менен, алардын 2020-жылы өлкөгө Ковид-19 эпидемиясына каршы турууга жардам бергени жөнүндө, кыйынчылыктарга туш болгон адамдарга жардам бергени жөнүндө, жоопкерчиликтүү жана камкор жарандын үлгүсүн чагылдырганы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM