Биз менен байланышыңыз

9-июлга күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Июл 2021 | 288 | 0

Эртең, 9-июлда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаабайт. Күндүз айрым райондордо жаан жайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +21… +26, күндүз + 34 … +39;

Талас облусунда түнкүсүн + 18 … +23, күндүз +32 … +37;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 22… +27, күндүз +36 … +41;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +15 … +20, күндүз +29 … 34;

Нарын облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +27 … +32 градус ысык болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +24… +26, күндүз +37… +39 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM