Биз менен байланышыңыз

Англия Европа чемпионатынын финалына чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 8 Июл 2021 | 1078 | 0

Англиянын футбол боюнча курамасы Европа чемпионатынын жарым финалында Данияны утуп, финалга чыкты.

Англиялыктар Дания курамасын 2:1 эсебинде жеңип алды. Даниялыктардын эсебиндеги голду оюндун 30-мүнөтүндө Миккель Дамсгор киргизди. Андан кийин 9 мүнөт өтүп-өтпөй англиялыктардын чабуулу учурунда Букайо Сака командалашына чыгарып берген тобун тосом деп даниялык коргоочу Симон Кьер топту өз дарбазасына киргизип алды.

Кошумча убакыттын биринчи бөлүгүндө Даниянын айып аянтчасында Англиянын оюнчусуна карата эреже бузулуп, калыс пенальти белгиледи. Пенальтини Гарри Кейн тээп, даниялык дарбазачы Каспер Шмейхель топту кайтарды. Бирок топ кайра Кейндин алдына чыгып калып, англиялык чабуулчу бул ирет жаза баскан жок.

Эми финалда Англия курамасы Италия менен ойнойт. Финал 12-июлда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00дө болуп өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM