Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 10-июлдан тарта Орусияга кирүү тартиби өзгөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 1195 | 0

10-июлдан тарта Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин жарандары үчүн Орусияга кирүү тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтен белгилешкендей, бүгүн, 7-июлда Орусиянын башкы санитардык дарыгеринин өлкөгө кирүү эрежелери жазылган токтому күчүнө кирди.

Эми 10-июлдан тарта Кыргызстандын жана ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттердин жарандары Орусияга кирип жатканда ПЧР-тестинин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» деген тиркеме аркылуу көрсөтүшү керек болот. Мурункудай эле ПЧР-тест акыркы үч күн ичинде жасалган болушу шарт.

Чет жерден келген Орусиянын жарандары үч күн ичинде ПЧР-тест тапшырып, анын жыйынтыгы чыкканга чейин жашаган жеринде обочолонууда болушу зарыл.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталында эмдөөдөн өткөндүгү  (12 айга жарактуу) же COVID-19 менен ооруганы (6 айга жарактуу) тууралуу электрондук сертификаты барлар ПЧР-тест тапшырбай эле койсо болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM