Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Учурда Кытай менен кызматташууда энергетика, кен казуу келечектүү багыт болуп саналат

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 1890 | 0

Кытай менен кызматташууда транспорт, энергетика, кен казуу келечектүү багыт болууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Садыр Жапаров өз маегинде Кытай, эки мамлекеттин алакасы тууралуу сөз кылган. Анын айтымында, Кытай – Кыргызстандын түбөлүктүү коңшусу жана досу. Бүгүнкү күнү эки мамлекеттин ортосундагы алаканы арттырууга кедергисин тийгизе турган маселелер жок.

«Кыргызстан эки элдин кызыкчылыгы үчүн Кытай менен ар тараптуу кызматташууну арттырууга кызыкдар», — деп, президент Кыргызстан эки жана көп тараптуу кызматташуунун алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди аткарарын белгилеген.

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги өнөктөш катары көрүп, соода алаканы арттырууга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин айткан.

Анын айтымында, учурда инфраструктура, транспорт, туризм, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба жана кен казып алуу тармактары эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун маанилүү жана келечектүү багыттары болуп саналат.

Ал белгилегендей,  COVID-19 пандемиясы мамлекеттер ортосунда кызматташууну бекемдөө, темир жолду жана транспорт тармагында кызматташууну өнүктүрүү керектигин көрсөттү.

«Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сунуштаган «Бир алкак – бир жол» демилгесин биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө түрткү берген демилге катары карайбыз», — деген ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM