Биз менен байланышыңыз

УКМК Башкы прокуратуранын ишкерлерди текшерүү боюнча дооматын четке какты

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 435 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Башкы прокуратуранын УКМКнын ишкерлерди мыйзамсыз текшергени боюнча дооматын четке какты.

Мындан мурда Башкы прокуратура УКМКнын Жалал-Абаддагы кызматкерлери жана облустук милициянын ишкерлерди коргоого багытталган мыйзамдардын жана президенттин жарлыктарынын талаптарын бузуп, прокуратура органдарында текшерүү жүргүзүү тууралуу акт каттабастан ишкерлерди текшерген деп билдирген. УКМК аталган маалымат калп экенин белгилейт.

«Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча «Нелегал-2021» аймактык иш-аракеттер планына ылайык УКМКнын жана Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери «М.К.» ЖЧКсына ишмердүүлүгүн эмес, мыйзамсыз мигранттарды иштетип-иштетпегенин аныктоо үчүн текшерүү жүргүзгөн. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө «М.К.» ЖЧКсы коңшу мамлекеттерден келген мигранттарды тиешелүү документтери жок иштетип жатканы аныкталды. УКМК жана ИИБ кызматкерлери өз милдеттерин аткарып жатканда «М.К.» ЖЧКсынын жетекчилиги мыйзам бузууну жашыруу максатында тоскоолдук жаратып, атайын чыр чыгарып, мигранттардын качып кетишине жол берди. Бул тууралуу облустук прокуратуранын кызматкерлерине маалымат берилген», — деп билдирет УКМК.

Маалымат үчүн: Аталган өкмөттөр аралык макулдашууну ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө өкмөт УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратурага кабар берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM