Биз менен байланышыңыз

Депутат: Күч органдарынын жетекчилери отставкага кетиши керек

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 689 | 0

Депутат Жанар Акаев Түркиянын Атайын кызматы Кыргызстанга келип, биздин жаранды алып чыгып кеткени үчүн күч органдарынын жетекчилери отставкага кетиши керектигин айтты.

Мындай пикирин Акаев парламенттин 7-июлдагы жыйында кыргызстандык жаран Орхан Инандынын Түркия тарабынан уурдалганы боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

Ал эгемендүү Кыргызстандын жараны кандай жол менен өлкөдөн чыгарылып кеткени белгисиз экенин жана бул аракетти чыккынчылыкка тете деп баалады. Ал бул үчүн тийиштүү орган жетекчилери жоопкерчиликке тартылышы керектигин талап кылды.

«Башка өлкөнүн күч кызматы келип, биздин жаранды кандай жол менен алып чыгып кеткенин билбей отурасыңар. Парламенттик өлкө болгондо четинен баарынын отставкасын талап кылмакпыз. Бирок биздин колдон эч нерсе келбейт. Мен күч органынын жетекчиси болсом, ушундай иш болгондо бир саат да отурбайт элем. Түркиядан чыгып жатпайбы биздин жаран. Аны каяктан алып кетишти, Чек ара кызматынын башчысы, сиз кантип отурасыз, кетишиңиз керек да. Бул үчүн жаза алышыңар керек, азыр болбосо 5-10 жылда сөзсүз аласыңар. Анткени бул — шалаакылык жана чыккынчылык. Башка мамлекет Кыргызстанды көзгө илбей, өлкөнүн президентинин, өкмөтүнүн, элинин бетине түкүргөндөй кылышты«, — деди Жанар Акаев.

Парламентте кыргызстандык жаран Орхан Инандынын Түркия тарабынан уурдалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM