Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Түркия тарапка Орхан Инанды менен консулдук жолугушуу уюштуруу талабы коюлду

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 219 | 0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев түрк тараптан Орхан Инанды менен консулдук жолугушуу уюштурууну талап кылды. Бул тууралуу парламенттин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 6-июлда Кыргызстандын элчиси Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолуккан. Түрк тарап кыргыз тараптын өтүнүчү алардын Юстиция министрлигинин кароосуна жиберилерин билдирген.

«Вена конвенциясына ылайык биз кыргыз жараны менен жолугууга укугубуз бар. Азыр биз ошону талап кылып жатабыз. Ал менен жолугушуу болгондо, анын ден соолугуна, ага карата жасалган мамилеге көңүл бурабыз», — деди ал.

Аны менен бирге Ниязалиев 6-июлда Түркиянын элчиси министрликке чакырылып, ага каршылык нотасы тапшырылганын билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан Орхан Инандыны кайтарып берүү, ага карата адамгерчиликтүү мамиле кылуу, анын коопсуздугуна, жашоосуна, ден соолугуна коркунуч келбесин деген талаптарды койгон.

Ниязалиев билдиргендей, Түркия тарап Инанды түрк жараны экенин, өз мыйзамдарынын чегинде иш жүргүзөрүн айткан. Бирок ал боюнча азырынча расмий жооп келе элек. Ошол эле учурда Кыргызстан аны кыргыз жараны катары тааныйт.

«Биз аны менен жолугушууга, консулдук жактан жардам берүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM