Биз менен байланышыңыз

УКМК Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетишин териштирүүдө

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 209 | 0

УКМК Орхан Инандынын Түркияга кантип чыгарылып кеткенин териштирүүдө. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-июлда депутаттар укук коргоо органдарынын Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши боюнча маалыматын угуп жатат.

Жыйында депутат Дастан Бекешов УКМКнын өкүлүнө аларда контрчалгын кызматы барбы деген суроо узатты.

«Бул факт боюнча тиешелүү тыянак чыгаруу үчүн териштирүүнү баштадык», — деди ал.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM