Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда коомдук жайларда жоолук салынып жүрүүгө кайра уруксат берди

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 956 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев «Абийир жана диний уюмдардын эркиндиги жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын түшүндүрмөсүндө айтылгандай, учурдагы мыйзамдарда «диний ишенимдеги кийим» деген түшүнүктүн укуктук аныктамасы жок болгондуктан кооомдук жайларда диний кийимдер (хижаб, жоолук салынып жүрүү) менен жүрүүгө салынган тыюу алынууда.

Ошол эле учурда, башка мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик мекеме жана уюмдардагы кызматкерлердин кийимине карата талап алардын ички актылары менен жөнгө салынат.

Мурдагы мыйзамдын 14-беренесинде Өзбекстан жарандарына (диний кызматкерлерден тышкары) коомдук жайларда диний кийим менен жүрүүсүнө тыюу салынган.

Административдик кодекстин 184-1-беренесинде айтылгандай, коомдук жайларда диний кийим менен келгендерге бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтөгү айып пул же 15 күнгө чейин камакка алуу каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM