Биз менен байланышыңыз

Евро-2020: Италия мелдештин финалына чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 7 Июл 2021 | 1031 | 0

Италиянын футбол боюнча курамасы Европа чемпионатынын жарым финалында Испанияны жеңип, мелдештин финалына чыкты.

Италиялыктар атаандаштарын пенальтиден жеңип алды. Негизги 90 мүнөттүктө оюн 1:1 эсебинде тең чыгып, курамалар кошумча 30 мүнөт ойноду. Анда да эки команданын бири жеңишти сууруп кете алган жок. Жыйынтыгында пенальтиден Италия Испанияны 4:2 эсебинде жеңди.

Бүгүн, 7-июлдан 8-июлга караган түнү саат 01:00дө жарым финалга чыккан экинчи жуп – Англия менен Дания беттешет. Алардын оюну Лондондогу «Уэмбли» стадионунда өтөт.

Европа чемпионатынын финалы 12-июлга (саат 01:00дө) өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM