Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган илимий конференция өтөт

Кыска кабар | 7 Июл 2021 | 451 | 0

Жалал-Абад шаарында, 16-июлда маркум дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Өчпөс өмүр» аттуу илимий конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Илимий конференция Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Муфтият жана Кыргызстан Ислам университитети тарабынан уюштурулууда.

Конференциянын алкагында Чубак ажы Жалиловдун өмүр таржымалы, агартуу жаатына кошкон салымы жана эмгектери тууралуу баяндамалар жасалат. Ошондой эле кыргыз аалымдарынын басып өткөн жолу тууралуу маалыматтар айтылат.

Андан тышкары, 17-июль күнү Сузак районунун Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин ачылыш салтанаты болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM