Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда аскердик каттоого туруу жана чыгуу жеңилдейт

Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 1102 | 0

Кыргызстанда аскердик каттоого туруу жана чыгуу жеңилдейт. Тиешелүү буйруктун долбоорун Коргоо министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Бул долбоор сынак иретинде алгач Бишкек шаарында ишке ашырылат.

Документте айтылгандай, эми аскердик каттоону алмаштырыш (каттоого туруу, чыгуу) үчүн жарандарга өзүнүн мурдагы аскердик комиссариатына барыштын зарылдыгы болбойт. Маселен, аскердик каттоосун алмаштырыш үчүн Бишкек шаарындагы жарандар өзү жашап жаткан жердеги аскердик комиссариатка кайрылат. Ал жакка аскер комиссарынын атына жазылган арыз, паспорттун көчүрмөсү, аскердик билеттин (бар болсо) же аскердик каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү тапшырылат. Ал документтер каттоого алынып, катталган арыздын көчүрмөсү арыз ээсине берилет.

Андан кийин жаңы каттоого тура турган аскердик комиссариат арыз берген адамдын мурдагы аскер комиссариатына кайрылып, алар каттоодон чыгаруу жана каттоого тургузуу иштерин өздөрү жүргүзөт.

Буйруктун долбоору

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM