Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө 500 миң адамга ылайыкталган «Асман» шаарын куруу пландалууда

Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 1299 | 0

Ысык-Көл облусунда 500 миң адамга ылайыкталган «Асман» шаарын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 5-июлда президенттин кеңешчиси Равшан Сабировдун катышуусу менен туризм жана инвестициялык делген жогору делген аймактарды өнүктүрүү маселелерине арналган жыйын өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Асман» — келечектеги «экологиялык таза шаар» долбоору тааныштырылган.

Ал шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болору, анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден соолукту чыңдоочу жай жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди ж. б. жайгаштыруу пландалууда.

Шаар 4 миң гектар аянтты ээлеп, 500 миң кишиге ылайыкталып салынат. Планга ылайык, анын курулушу 7-10 жылдын ичинде бүткөрүлөт. Үстүнөн караганда шаар комуздун элесин берип турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM