Биз менен байланышыңыз

Быйыл Кыргызстанда айдоо аянты 0,2%га көбөйдү

Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 543 | 0

Быйыл Кыргызстанда айдоо аянттары 1 млн 2 миң гектардан ашып, 0,2%га көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Дан эгиндеринин аянты 1,5%га, анын ичинде буудайдын айдалган жери – 1,2%га, арпаныкы – 2,3%га, жүгөрүнүкү – 0,7%га көбөйгөн. Андан тышкары кант кызылчасынын аянты – 22,8%га, жашылчаныкы – 2,7%га, калгандарыныкы – 3,9%га арткан.

Ошол эле учурда май алынуучу өсүмдүктөрдүн жери – 12%га, пахтаныкы – 11,7%га, картошканыкы – 1,8%га, бакча өсүмдүктөрүнүкү – 5,5%га жана тоют өсүмдүктөрүнүкү – 0,5%га азайган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM