Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 1233 кишиден табылып, 8 киши каза болду

Кыска кабар | 6 Июл 2021 | 559 | 0

Бүгүн, 6-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 233 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 789, Ош шаарында — 44, Чүй облусунда — 139, Ош облусунда — 32, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда — 35, Жалал-Абад облусунда — 83, Баткен облусунда — 89 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 763 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 8 адам каза болгон: Бишкекте – 4, Ысык-Көл облусунда – 3 киши, Баткен облусунда – 1.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 158 адам, ал эми амбулатордук түрдө 12 миң 12 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 94 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2 миң 694 адамдын абалы орто оор, 1 миң 193 киши оор жана 177 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 133 миң 303 учур катталды. Анын ичинен 113 миң 975 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 54 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM