Биз менен байланышыңыз

Марипов Азия Паралимпиада комитетинин президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 5 Июл 2021 | 571 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Азия Паралимпиадалык комитетинин президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен жана Азия Паралимпиадалык комитетинин кызматташуусу талкууланган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Марипов Кыргызстанда 77 спорт федерациясы иштей турганын, анын катарында Паралимпиадалык комитет жана параспорттук федерациялар бар экенин айткан.

Анын айтымында, кабыл алынган «Спорт Кыргызстан» программасынын алкагында балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорт мектептеринде паралимпиадалык жана сурдоолимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча топторду ачуу каралган. 2019-жылы спорт мектептеринде андай 7 топ жана коомдук башталыштагы 6 топ ачылган.

Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми белгилегендей, уюм Кыргызстанда паралимпиадалык кыймылды колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган спорттук долборду ишке ашырууга кызыкдар.

Анын айтымында, андай долбоорлордун бири катары Борбор Азия өлкөлөрүнүн параатлет машыктыруучулары үчүн орус тилиндеги окутуу программаларын иштеп чыгуу болушу ыктымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM