Connect with us

Орхан Инандынын жубайы парламент алдына митингге чыкты

Кыска кабар | 5 Июл 2021 | 577 | 0

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президети Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды парламенттин алдына митингге чыкты. Бул тууралуу Орхан Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Токтакунова Инанды бир айдан бери дайынсыз болуп жатканын айтып, жубайы анын табылышын күтүп жатканын белгилейт.

Рейхан Инанды колуна «Орхан Инанды кайда?», «Орхон Инанды табылабы?» деген жазуулар жазылган кагаздарды кармап, митингге жалгыз чыккан.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. ИИМ бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Интерпол аркылуу издөө жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM