Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Жо Байденди АКШнын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 4 Июл 2021 | 852 | 0

Бүгүн, 4-июлда Президен Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Жозеф Байденди улуттук майрамы — АКШнын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сизди АКШнын улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Учурдан пайдаланып, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти болуп шайланганыңыздан кийин, визалык чектөөлөрдү алып салганыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жакшы негиз болот деп ишенем.

Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү боюнча иштерди уланта берет деп ишендирем», — деп айтылат куттуктоодо.

Садыр Жапаров Жозеф Байденге чың ден соолук жана ишине ийгилик, ал эми АКШ элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM