Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Кеңешбеков Токио олимпиадасына жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 4 Июл 2021 | 1314 | 0

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия алды.

Японияда өтө турган оюндарда Кеңешбеков 5000 метр аралыкка ат салышаары маалым болду. Алдын ала жарыш 3-августта, ал эми финалдык беттеш 6-августта болот.

Бул лицензия Кыргызстан үчүн 18-болуп калды. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азизбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев (күрөш), Владимирь Золоев (дзюдо), Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Карабицкая (жеңил атлетика, марафон), Роман Петров (фехтование), Бакдөөлөт Расулбеков (оор атлетика), Каныкей Кубанычбекова (ок атуу) жана Денис Петрашовдор (сууда сүзүү, 2 аралык) жолдомолорго ээ болгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM