Биз менен байланышыңыз

Delta штаммы Европада күч алууда

Португалияда Delta штаммы активдүү жайылууда.  Өкмөт кырдаал барган сайын курчуп баратканын айтууда.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн  жашоочуларынын жарымы коронавирустук вакцинанын биринчи дозасын алышкан. Айрым өлкөлөрдө өспүрүмдөргө эмдөө башталды. Данияда 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар вакцинага 19-июлдан тарта кайрыла алышат, бирок айрым педиатр-дарыгерлер башка өлкөлөрдөн изилдөө жыйынтыктарын алуу үчүн 2 ай күтүү керек деген пикирде.

«Биз ар кандай эскертүү белгилерине тынымсыз көз салып турабыз. Бирок, учурда эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр жок деп эсептейбиз», — дейт Даниянын Улуттук саламаттыкты сактоо борборунун директорунун орун басары Хелен Билстед Пробст.

«Учурда, илдетке каршы эмделген балдардын саны аз.  Мындан улам азырынча байкала элек симптомдор кийинчерээк пайда болушу мүмкүн деп тынчсызданып жатабыз. Биз ата-энелерге туура маалымат жетикиришибиз керек», — деп түшүндүрөт Danske Børnelæger педиатрлар ассоциациясынын башчысы Клаус Биркеланд Йохансен.

Ал эми, Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Sputnik V вакцинасы кош бойлуу аялдарга жана түйүлдүккө эч кандай коркунуч келтирбейт деп билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM