Connect with us

Европа: Бир жолу колдонулуучу пластикалык каражаттарга тыюу салынды

Дүйнө , Жаңылык , Кыска кабар | 4 Июл 2021 | 1005 | 0

Европада бир жолу колдонулуучу пластикталык каражаттарга тыюу салынат. Бул тууралуу Европа Комиссиясынын Айлана-чөйрө боюнча комиссары Виргиниус Синкевичич Twitter баракчаларына жазган.

Тийиштүү мыйзам, 2019-жылы кабыл алынып, Европа Биримдигине мүчө бардык мамлекеттерин пластикалалык каражаттардын бардык түрүн рыноктон алып салууга жана аларды 2021-жылдын 3-июлуна чейин чыгарбоого милдеттендирген. 12 айдын ичинде мурдагы топтолгон резервдерди сатууга уруксат берилет, бирок андан кийин тыюу салуу толук күчүнө кирет.

Бельгиялык Европарламенттин депутаты Фредерик Рис мындай деп түшүндүрөт:

«Бул бардык пластикалык идиш-аякка тиешелүү: тез татымдарга колдонулган идиш-аяктар, анын ичине тарелка, бычак, кашык, шарды караматкан таякча, кебез кантты карматуучу таякча, кофе аралаштыруучу таякчаларды колдонууга тыюу салынат. Мындан сырткары, полиэтилен баштыктары өтө зыяндуу. Бул кандайча ажырайт? Эгер океан, деңиздердин ичинде калса, уулуу былжырды пайда кылып, ал суу астындагы бардык жандуу заттарга кооптуу. Ошондой эле, бир жолу колдонулуучу суусундуктарга арналган идиштер, дегеле бардык желим идиштер айлана-чөйрөгө өтө чоң зыян алып келүүдө».

Деңиз менен океандарды булгаган таштандылардын 80% дан ашыгы пластмассадан турат. Андан жасалган буюмдар көп учурда бир гана жолу колдонулуп, андан кийин ыргытылат. Бул бир гана деңиз ичиндеги өсүмдүк, жандыктарга гана зыян алып келбестен, эс алган адамдардын өмүрүнө да коркунуч жаратууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM